Коронавирус инфекциясынын күчөгөнү менен Бишкекке чектөөлөр азырынча киргизилбейт. Бул маалыматты өкмөт башчылыкка талапкер Кубатбек Боронов бүгүн, 16-июнда журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстанда коронавирустун күч алышы алдын-ала болжолдонгондой эле болууда:

«Бизде үч түрдүү божомол болгон. Азыр биз орточо оор баскычына келдик, кырдаал көзөмөлдө. Бирок Бишкекте вирустун жайылышы күчөгөнү тынчсыздандырууда. Ошентсе да азырынча шаарда кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү планда жок», — деди Кубатбек Боронов.

Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирус жуктуруп катталгандардын саны өсүүдө.

14-июнда 78 адамдан табылса, 15-июнда 87 адамга жеткен. Ал эми бүгүн, 16-июнда коронавирус жуктуруп алган 100 адам аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү – Бишкекте.