Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирусту дарылоо жаатында болуп өткөн илимий жетишкендиктер тууралуу билдирүү таратты.

Гебрейесус инфекцияны дарылоо үчүн Улуу Британияда дексаметазон стероиди боюнча өткөрүлгөн клиникалык сыноолордун жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтуусу боюнча Оксфорд университетинин окумуштуулары дексаметазон препараты оору жуктуруп алып, ИВЛ аппаратында жаткан бейтаптардын өлүм коркунучун 35 пайызга, ал эми кычкылтектик дарылоодо жаткандардыкын 20 пайызга чейин азайтат.
Аталган препарат Британия Өкмөтү тарабынан жактырылган.

Ошентип, дексаметазон дүйнө жүзү боюнча коронавируска каршы колдонуучу биринчи дары каражаты катары таанылды.