Америкалык грин-картага арыз бергендердин саны боюнча Өзбекстан дүйнө жүзү боюнча экинчи орунга чыккан. Белгилей кетсек, 2020-жылдагы статистика боюнча Америкага көчүп кетүү ниети менен жүргөн өзбектердин саны эки миллионду түзгөн. Ал эми биринчи орун Гана мамлекетине таандык. Деги эле дүйнө жүзү боюнча АКШга көчүп кетүүнү каалагандар жыл өткөн сайын көбөйүп жаткандыгын байкоого болот.