Ош облустук ИИБдин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМнин буйругу менен сыйланышты . Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын 16-июнь күнү Ош ОИИБдин имаратында ички иштер башкармалыгынын начальниги Малик Нурдинов 68 ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине төмөндөгү сыйлыктарды тапшырды: Кыргыз Республикасынын ИИМдин медалдары менен: — «Кадырман»

— Ош облусунун ИИБнин 3 кызматкерине;

— «Ардак» — Ош облусунун ИИБнин 3 кызматкерине; — 1-даражадагы «Азамат» — Ош облусунун ИИБнин 1 кызматкерине; — 2-даражадагы «Азамат» — Ош облусунун ИИБнин 6 кызматкерине; — 3-даражадагы «Азамат» — Ош облусунун ИИБнин 20 кызматкерине; — «Кыргыз милициясынын 95 жыл» юбилейдик медалы менен Ош облосунун ИИБнин 5 кызматкерине; КРнын ИИМдин «ИИМдин мыкты кызматкери» төш белгиси менен: -«милициянын мыктысы» — Ош облусунун ИИБнин 2 кызматкери; ИИМдин «Ардак грамотасы» менен — Ош облусунун ИИБнин 19 кызматкери; ИИМдин «Алкыш» менен – Ош облусунун 9 кызматкери.

 Бул кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин буйругу менен Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда Өзгөчө абал учурунда: «Кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары ошондой эле кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткаргандыктары үчүн» сыйланышты. Сыйлыктар тапшырылгандан соӊ Ош ОИИБдин начальниги сыйлык ээлерин алган сыйлыктары менен куттуктап, Өзгөчө абал учурунда Эл арасында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоодо жана «коронавирус» илдетинин таркап кетүү тобекелдигин алдын алууда, кызматтык милдеттерин үлгүлүү жүрүм-туруму жана бекем тартип, жоопкерчилик менен аткаргандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.