Өлкөдө коронавирус жуктурган 33 бейтаптын абалы оор, анын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 631 адам дарыланууда.

“33 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 104 адамдын абалы орточо оор, 378 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 116 кишини жаңы алгоритм боюнча үй изоляторуна чыгарып, кармап жатабыз”, — деди Үсөнбаев.