Депутат Төрөбай Зулпукаров премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов менен биринчи вице-премьерликке көрсөтүлгөн Алмазбек Баатырбековдон парламенттик шайлоо тууралуу сурады.

Депутат “шайлоодо бир дагы партияга тартпай иштей аласыздарбы?” деген суроо узатты.

“Кечээ коалиция бизге ишеним көрсөткөндөн кийин президенттин кабыл алуусунда болдук. Сооронбай Шариповичтин дагы биринчи талабы ушундай. “Акыйкат, элдин баары ынангандай таза шайлоону өткөрүү өкмөттүн негизги тапшырмасы” деп белгиледи. Биздин ага эркибиз жетет, аны жасоого мүмкүнчүлүгүбүз бар”,  — деди Боронов.
Ал эми Баатырбеков буга чейинки эки шайлоодо нааразычылыктар болгонун белгилеп, мында андай мүчүлүштүктөрдү кетирбөөгө убада берди. Ошондой эле таза шайлоону өткөрүүгө бар күчүн жумшай турганын кошумчалады.