Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө эки Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин биринчи Жарлыгы менен 542 адам (433 чоң адам жана 109 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынат жана экинчи Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 332 адам (267 чоң адам жана 65 бала) чыгарылат.