ИИМдин Академиясынын кызматкерлери коронавирус илдетин алдын алуу иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын тургундарынын арасында жана кафе, ресторандардын, магазин жана башка эс алуучу жайлардын ээлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматынан кабарлады.

Күн сайын Бишкек шаарында жайгашкан коомдук жайларда, сейил бактарда кайгуул уюштуруп, шаар тургундарына чектөө чараларын сактоо керектигин эскертип, мүмкүн болушунча жашаган жеринен чыкпоого үгүттөп , зарыл муктаждык жаралганда гана жеке коргонуу каражаттарын колдонуп, социалдык аралыкты сактоо менен көчөгө чыгуусун суранып келишүүдө.

Ошондой эле, шаар тургундарынан өздөрүнүн, улгайып калган туугандарынын жана жаш балдарынын ден соолугуна көңүл буруусун суранып, жугуштуу илдеттен коргонуу чаралары жөнүндө айтып беришүүдө. Андан тышкары, ИИМдин Академиясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районунун мамлекеттик админитрация кызматкерлери менен биргеликте Ош базарынын тегерегиндеги мыйзамсыз ишмердиктерди жоюу максатында иш алып барууда.