ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов өзүнүн орун басарлары менен биргеликте санитардык-карантиндик посттордо аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн абалы менен таанышты. ИИМдин ИКАКтын басма сөз кызматы

Мындай текшерүү, азыркы учурдагы COVID-19 илдетин жуктуруп алуулардын саны жогорулап жаткандыгына байланыштуу уюштурулду. Текшерүү учурунда, Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы кызматкерлер тарабынан посттордо кызматты уюштуруусуна, өздүк курамга тамак-аш, жеке коргонууч каражаттары менен камсыздалышына көңүл бурду, ошондой эле кызматкерлердин эс алууга чатырлар менен жабдыкталышын белгиледи.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-июнунан тарта, ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда орнотулган санитардык-карантиндик посттордо карантиндин режимдин талаптарын сакталышы боюнча күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. Аймактарда кырдаал тууралуу маалыматтарды топтоп, талдоо иштерин күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү тургундар арасында өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын жана жүрүм-турум эрежелерин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин уюштурууда.