Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева эч бир мыйзамда техникалык өкмөт деген түшүнүк жок экендигин билдирди.

«Техникалык премьер-министр, техникалык өкмөт” деген саясий аныктама же түшүнүк бир да документте же мыйзамда жок. Жогорку Кеңештин жыйынында бекитилген премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү толук кандуу аткаруучу бийлик болуп эсептелинет. Андыктан өкмөттүн бардык курамын кылчактабай толук кандуу өз милдетин аткарууга чакырам. Алдыда оор күндөр бар. Коронавирус толук кандуу токтой элек. Жаңы окуу жылына даярдык көрүү, азык-түлүк коопсузуду, күзгү-кышкы жылуулук мезгилине кам көрүү зарылдыгы турат. Мунун бардыгы кечиктирилгис жумушту жана жоопкерчиликтүү мамилени талап кылат. Андыктан ар бириңиздерди бүгүн бар эртең эмне болот дебестен жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырам”, — деди Аида Касымалиева.

Мындан сырткары, акыркы мезгилдерде коронавирус илдетин жуктуруп алгандарды дарылоо боюнча саламаттыктыкты сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн жаңы алгоритм боюнча маалымат элге толук жетпей жаткандыгын кошумчалады.

“Оору жугузуп алганы аныкталганы менен эч кандай симптому байкалбаган оорулуулар боюнча саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы алгоритмди так иштеп чыкса. Анткени, аларда эч кандай оору деле байкалбай, бирок обсервацияга алынып, мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп жатат. Аларга үч маал ысык тамак берип, жөн гана көзөмлөлдө караганы болбосо, эч кандай дары берилбейт. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй аларды үй карантинге алып, көзөмөлгө алса дарыгерлерге да мамлекетке да бир топ жеңил болот”, — деди Аида Касымалиева.