Учурдагы өлкөдөгү кырдаалдан улам жаш саясатчы Азамат Баяманов өкмөткө ак ниетинен кызмат кылууга даяр экенин билдирип, соцтармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырды.

«Убакыт келди! Урматтуу кыргызстандыктар, сиздердин колдооңуздар керек! Өкмөт менен элдин ортосунда байланыш түзгөнгө даярмын! Урматтуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, өлкө үчүн азыркы оор кырдаалда мени жардамчы катары алууга өзүмдүн талапкерлигимди сунуштайм! Эл менен тыгыз байланышып, бутум бутума тийбей, элим үчүн, жерим үчүн иштөөгө жаштыгымды, билимимди, тажрыйбамды — болгон аракетимди жумшайм»,-Азамат Баяманов.