Депутат Алтынбек Сулайманов менен экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов биригишип, парламенттик шайлоого аттанышат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, «Бир Бол» партиясы 90-95 пайызга чейин жаңы жүздөр менен толукталат. Эcки саясатчылардан экөө эле болору айтылды. Жакын арада саясатчылар бириккени тууралуу билдирүү жасап, иш-чара өткөрүшөт.

Былтыркы жылдын соңунда Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып жатканда “Мен конструктивдүү саясий күчтөр менен биригем” деп билдирүү жасаган.