17-июнуна кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларындагы кырдаал туруктуу экендигин Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт.
“Чалдыбар-авто жол” жана “Кең-Булун авто жол” өткөрүү жайларынын иштеп башташы “Ак-Тилек-авто жол” өткөрүү жайынын ишин жеңилдетти жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз, топтолбой кезек күтүүсүз өтүүсүн камсыздай алды.
2020-жылдын 17-июнуна карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында төрт авто жол өткөрүү жайлары жумуш алып барууда, алар: Чүй облусунда “Ак-Тилек-авто жол”, “Чалдыбар-авто жол”, “Кең-Булун авто жол”, ал эми Талас облусунда “Чоң-Капка авто жол” өткөрүү жайлары.
Жарандарды жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы номер 84-р тескемесиндеги талаптардын негизинде “Ак-Тилек-авто жол” жана “Чоң-Капка авто жол” өткөрүү жайларынан ишке ашырылат.
“Чалдыбар-авто жол” өткөрүү жайы эки тарапка оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүүнү гана ишке ашырып, ал эми “Кең-Булун авто жол” өткөрүү жайы болсо Кыргыз Республикасынан сыртка бош оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүүгө ачылган.
Темир жол курамындарынан жүк ташууну “Каинды-темир жол” өткөрүү жайы ишке ашырат.