Белгилүү алып баруучу жана тамада Эркин Рыскулбековдун туугандары коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу шоумен социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«COVID-19 менин үй-бүлөмө дагы жетти. Бир тууган эжем менен үч жээним коронавируска кабылды. Эжем «Гансиде» (обсервация — ред.), балдар (бардыгында симптомдор жок) үй карантинине алынды. Айтылган бардык эрежелерди сактаңыздар. Бул тамаша эмес. Мен азыр аябай коркуп жатам. Бүт өлкө үчүн дуба кылам», — деп жазган ал.

Акыркы маалыматтар боюнча, учурда, өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2562ге жетип, анын ичинен 1901 бейтап айыккан. Ал эми оорудан 30 жаран каза болду.