Бюджетти толтуруунун кошумча каражаттарын табууну камсыз кылуу маселесине басым жасалат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

«21-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алып бердиңиздер. Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 135,3 млрд сом суммасында болжолдонду, же 28,4 млрд сомго азайды. Чыгашалар бөлүгү боюнча, республикалык бюджет 163,0 млрд сомго болжолдонуп, 8,6 млрд сомго азайды. Ошол эле учурда Мамлекеттик салык кызматына, Мамлекеттик бажы кызматына, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине, Мамлекеттик мүлк фондуна жана бюджетти   толтуруучу тийиштүү органдарга бюджеттик мыйзамдагы кыскартылган пландарды толугу менен аткаруу жана алардын үстүнө кошумча каражаттарды табуу боюнча милдеттер жүктөлөт», — деп билдирди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов.

Мындан тышкары Кубатбек Боронов корголгон беренелер боюнча айлык акы, пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык төлөмдөр өз убагында толугу менен каржыланарын кошумчалады.