АКШ президенти Дональд Трамптын жээн карындашы  Мэри (президенттин улуу эжесинин кызы) таякесинин буга чейин эл билбеген осол иштери тууралуу мемуар жазып, басылмага берүүгө даярданууда

Simon & Schuster басылмасынын билдирүүсү боюнча «Too Much And Never Enough: How My Family Created the World’s Most Dangerous Man» («Өтө көп жана ар дайым аз: Менин үй-бүлөмдө дүйнө жүзүндөгү эң коркунучтуу адам кандайча пайда болгон») аттуу китеп үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда жарыкка чыгат. 

Ошентип, ал Трамптын  Президентикке карата талапкерлиги  каралуучу  Республикалык партиянын улуттук съездине бир нече жума калганда китеп дүкөндөрүнө түшөт.

Китеп эмне тууралуу?

Мэри Трамп – президенттин улуу агасы Фред Трамптын кызы. Автор китепке  Дональд Трамптын президенттикке чейинки бүткүл өмүрү чагылдырылгандыгы тууралуу айткан менен, ал канчалык ачык-айкын жазылгандыгы азырынча белгисиз.

Бирок, жогоруда аты аталган басылма  китепке Президенттин эл биле бербеген  шумдуктуудай окуялары, бизнестеги махинациялары, аялдарга карата болгон мамилелери, таш боордугу, митаамдыгы ж.б. тууралуу  үрөй учурган маалыматтар  камтылгандыгын кыйыткан.