Материалдык байлык менен руханий байлык тең, эриш-аркак жүргөн өлкөдө жетишкендик болоору айтпаса да белгилүү. Ири тарыхчы аалымдар демократия кенен жайылган жерде маданияттын, улуттук баалуулуктардын өсүшү кыйын экенин белгилеп кетишкен жайы бар. Эл башындагылар улуттук идеологияга назар салган жерде өсүш болот. Бизде саясат алдыга кетип, билим, тарбия, ыйман артта калгансыйт. Адабият коомдун жарчысы дегендей, биз так ушул темада көркөм өнөр ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков менен баарлаштык. «Жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт» деп Гёте айткандай, коомду түйшөлткөн нерселер Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын да аңдоосунан өтөөрү айкын.

-Нурлан мырза, акын катары бүгүнкү коомго кандай “диагноз” коёт элеңиз?

-Бүгүнкү күндө саясаттагы демократия, экономикадагы рынок адамды индивидуализмге алып келип койду. Илгери кыргыз эли уруу-уруу болуп бөлүнүп, кокту-колотто жашаганы менен коллективдүү аң-сезим бар болчу. Мисалы, бугунун ханы өзүнүн элин караса, сарыбагыштыкы өзүнүкүн, саруунуку өзүнүн элин карачу, туурабы? “Тигинин эли итке минип калыптыр, эли тентип кетиптир”-деп айтпасын деп, уруу башчылар намыстанып болсо да элин карачу. Анда биринчиден “намыс” деген күчтүү сезим бар болсо, экинчиден, ошол бий ошол уруудан чыгып, ошол элге бий болуп, бийлик жүргүзгөн. Мына ошондой аң-сезим менен келаткан кыргыз элинин менталитети, жашоо образы “Бардыгы бирөө үчүн, бирөө бардыгы үчүн” же болбосо “Элим –жерим, мекеним үчүн кызмат кылам” деген социалисттик системанын урааны менен дал келип, “СССР” деген чоң империянын бутагында туруп, ири жетишкендиктерге жеткен. Ошол эле адеп-ахлак, таалим-тарбия, адабият менен искусство, ыймандуулук, гуманизм, жалпы адамзаттык баалуулуктарга жетише алганбыз. Анан СССР тарагандан кийин элибизге индивидуализм келип, коом деградацияга түштү. Биринчи байлык ден соолук деген элибиз, биринчи байлык акча дегенге келишти. Анткени кара курсакты тойгузуунун амалын ойлонуу менен күн өткөрүп калышты. Кара курсак тойгондон кийин бири-бирине атаандашып үй салуу сыяктуу материалдык байлыкка өтүп, ыйман, руханий байлык дегенди уруп ойнобой калышты. Ал акчаны ак жол менен табабы же жаман жол менен табабы иши кылып акча табуу керек болуп калды. Ал акча арамбы же адалбы эч кимди кызыктырбай калды. Башкача айтканда индивидуализм “мен мамлекет, мамлекет мен” деген биздин мурунку социализмдик аң-сезимибизге доо кетирди. “Государство — это моя вторая обстрогированная половина” деп Фейербахтын айтканы аргасыз эске түшөт.

-Демек, индивидуализм деген эме идеологияны да, коомду да талкалап бара жатат дейсизби?

 -Идеологиясы жок коомдун өзү коркунучтуу. Андан келип чыккан индивидуализмиң эмне берип атат? «Мен, менин укугум, менин ишим, өзүм билем»-деген кыйкырыктан башка эчтеке бербей атат да. Чын эле азыр каякты караба ойду-келди оттогон эл. Улуу сөздө уят жок, кечирип койгула, “турсабызды” башыбызга кийип алган заман келди. Эми мындан ары кайда барабыз, билбейм. Үй-бүлө бир чакан мамлекет дейбиз, биз деле ата катары балабызга “ай балам саксайбай, алдагы чачыңды алдыр, мындай кийин, тигиндей жүр” деп айтпасак, аялыбыз кызыбызга айтпаса же аялым экөөбүз ит мышык болуп, бирибиз позиция, бирибиз оппозиция болуп отурсак бул эмне деген үй-бүлө? Анын баарын телефонго тартып, жарыялап турсаң, сыры жок, бардыгы ачык-чачык болсо ал эмне деген үй-бүлө? Ар бир үйдүн өзүнүн жашоо эрежеси, тарбиялоо ыкмасы, купуя сыры болот. Мына ошонун өзү барып идеология дегенди түзөт. Мамлекет деле кудум ушундай нерсе да. Азыр коомдо ар ким каалаганын кылып атат. «Эй, анткениң туура эмес, болбойт»-деп көрчү. Дей турган болсоң эле тумушугуңа Демократия деген муштумун такай калышат. Тескериленгендин баары эле демократ болуп алышкан. Демократия эмне экенин өздөрү деле толук кандуу билишпейт, окушкан эмес. Ошондон улам демократия деп туруп бизге батыштын төмөнкү формасы келди. Керек болсо диндин да эң төмөн формасы келип жатат. Бизге бир дагы классикалык үлгү келген жок. “Демократия эң оболу тартип жана жоопкерчилик”-деп айткан Черчилль. Эң туура. Мисалы, сен Америкага барып, мамлекеттик деген мекемесине же ак үйүнө барып ыштаныңды илип көр. Макул эми жеке менчик эс алуучу жайларда боло берсин. Бирок, “мамлекеттик”, “улуттук” деген имаратына барып ошенте аласыңбы? Анткени “улуттук” же “мамлекеттик” деген аты бар ал жайдын. А бизде болуп жатпайбы. Ар кимиси келип улуттук деген жайыбызда ойлогонун оттоп, дөөрүп жатышат. Билген кишиге бул нравалык деградация. Бул коомдун жок болуп баратканынын белгиси. Анан эмне десең эле, адам укугу деп чыга калмай адат таптык.

Эгемендик алгандан бери эле элитабыздан тарта элеттегилерден бери идеология деп кыйкырып келе жатышат. Дегеле, бир калыпка салган идеологиянын кереги барбы?

-Эгемендиктен бери эмнеге жетише алдык, айтчы? Акча таап, байыш керек деген ой менен алпурушмайга гана жетиштик. Анан ошол ойго 30 жылдын ичинде иделогиялык фронтту уттурдук. Мамлекетте идеологиянын жоктугунан ушуга келдик. Ушундай бир деградациялык жолго түшүп алдык. “Идеология” деген кыргызга окшогон саны аз, байыркы улуттук дүйнө таанымын кармап жүргөн, тили жоголуп бараткан өлкөгө сөзсүз керек. БУУнун бир кездеги башкатчысы Пан Ги Мун “кыргыз тили 2050-жылы тил катары жоголот”-дебеди беле, а тил жоголсо мамлекет жоголот деген сөз да. Ошондуктан биз тез арада мамлекеттик идеологияны чыңдашыбыз зарыл. Ал эми бизде Кудайга шүгүр ата-бабадан келе жаткан идеологиябыз бар. Кыргыз болгон үчүн мактанып жаткандай болбоюн, байыркы каада-салтын сактап калган кыргыздай дүйнөдө саналуу эле эл, улут бар. Мисалы кыргыздар уруусун эле сурап, ошого жараша аныктама берип коет. Өзүнүн уруусуна башка бир урууну өмүрү киргизбейт. Ал эми отурукташкан элдерде регионализм деген түшүнүк бар. Азыркы тапта улуттук баалуулуктарыбызга, ыйыктыктарыбызга бабалар сындуу сырттан эч кимди киргизбей, кийлигиштирбей коргошубуз керек. Илгери деле жанагындай бачабаздар деген болгон. Андайларды коомчулук дароо жоготуп салышкан. Ала менен ооруп калса, жугат деп, жоготуп салышкан учурлар тарыхта деле бар эмеспи. Көрдүңбү тазалыкты кыргыз кандай сактагандыгын. Андыктан, бирөөнүн кызыкчылыгы жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турбашы керек. Бизде аксакал деген жакшы түшүнүк бар. Манас деле баатыр болгону менен ал өз алдынча барып эч нерсени чечкен эмес. Бакайсыз ал эч ким эмес болгон. Анан ал жерде Бакайдан бирөө эмес, беш-алтоо болгон да. Алар акылмандык менен айткан кепти Манас ылайык көрүп, жоокерлери менен чаап, кырып, аткарып келген. Кыргыз дайыма аксакалга баш ийген, айтканын эки кылган эмес. Анан ошого жараша иш кылган. Ал эми соодагер соодасын гана кылат. Ал эч убакта акылмандык кылбайт, жоокердин ишине кирише албайт. Дыйкан жер чукуп, зергер шакек жасап, айтор ар ким өз ордун билчү да. мына ушунун өзү идеология болчу да.

 — Бүгүнчү?

-Бүгүн акча биринчи орунга чыкты. Акчаң болсо бардык нерсени сатып алсаң болот деген түшүнүктө болуп калышты. -Мына ушундай коомдо биз жаңы муунду кандай тарбиялап, кимди карап түздөн дейбиз? — Азыр “уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген макалдагыдай эле болуп калбадыбы. Анан экөбүз кайсы тарбия, кайсы идеология жөнүндө сөз кылабыз? Арийне, канткен менен жарандык коом ачык болуп, демократиянын, интернет технологиянын, маалыматтын заманында жашап жатабыз. Эгер билсек, ушу тапта үчүнчү дүйнөлүк согушту башыбыздан өткөрүп жатабыз. Үчүнчү дүйнөлүк согуш деген эле бул маалымат согушу. Мына ушундай учурда биз сөзсүз түрдө улуттук баалуулуктарга басым жасап, кыргыздын баалуулуктарын улуттук аң-сезимибизге сиңирип жаңы муунду, келечек муунубузду ушул багытта тарбиялашыбыз керек. Анан албетте батыштын демократиясын, чыгыштын руханий окууларын алышыбыз зарыл. Андан качып дагы кутула албайбыз. Азыр Кудай десе эле дин деп түшүнүп алдык. Дин менен Кудай таптакыр башка. Кудай бирөө, ал эми диндер арбын. Бирок, биз кайсы динди албайлы, бүгүнкү күндө анын классикалык үлгүсүн ала алган жокпуз. Биз бардыгын жуурулуштуруп туруп, жакшысын алганга үйрөнүшүбүз керек. Ал үчүн мамлекетте саясат, идеология сөзсүз болушу керек. Антейин десең мамлекеттик бир басмабыз жок. Руханий баалуулуктарга басым кылган мамлекеттик журналыбыз же сайтыбыз жок. Илгери ушунун баарын жазуучулар жасап келишкен.

-Сиз бүтүндөй өлкөнүн жазуучулар союзунун төрагасысыз. Мындайча айтканда чыгармачыл чөйрөнүн бардыгын карап, көз жүгүртүп турасыз. Учурда Кыргызстанда милициянын ишин чагылдырган кинолор тартылып, чыгармалар жаралып жатат. Ошол чыгармаларда берилген милициянын образдары көңүлүңүзгө толобу?

-Адабият эч нерсени далилдебейт, ал көрсөтүп берет дейт. Коомдогу эле нерселер тасма аркылуу чагылдырылып жатат. Адам тарбияланбаса зордоп тарбиялаш керек. Ошондуктан милициянын жашоосун сүрөттөп, анын милдетин көрсөтүп, кадыр-баркын көтөрө турган тасмаларды силер да көбүрөөк тарттырсаңар болбойбу? Чыгарма жаздырсаңар болбойбу? Эмнеге болбосун, коомчулук менен жуурулушуш керек да. Антпесе болбойт. Эсеби маселен, Кыргыздар эле тарткан “Участковый” тасмасында генерал чоң атасы небересин айылга “участковый” кылып жиберет го, көрдүңбү бул жерде идеология бар. Эмнеге ушундай кинолорду тарттырбайсыңар? Мамлекет искусствого атайын тыйын бөлбөсө, режиссер кантип кино тартат? Ошол эле маалда милициянын ар багыттарын ачып берген адабияттын ар кыл жанрында, детектив, пьеса, поэзия, аңгеме багытында конкурстар жарыяланса коомчулук да милициянын иши менен тыгыз таанышып, аларды даңазалаган, өз доорунун каармандарын жараткан чыгармалар жаралмак. Алардан спектакльдер коюлуп, китептер чыгып, жогоруда айткандай тасмалар тартылмак. Мына ошондо милициянын иши да коомчулукка тез сиңип, идеологиялык нускама түзүлүп калмак. Эгер сунуштар же демилгелер болсо ИИМдин башында турган жетекчилер менен иштешүүгө мисалы биз даярбыз. Келгиле, милициянын образын ачып берели.

-Дегеле, милициянын бүгүнкү күндөгү аткарып жаткан ишине, милицияга коомчулуктун жана мамлекеттин кылган мамилесине сиздин пикириңиз кандай?

-Асмандан алып же арканды алыска ыргытпай эле айтайын. Бишкекте жарым эле саатка жол чырак иштебей, МАИ кызматкерлери жок болуп калсынчы, эмне болуп кетээр экенбиз. Унаалар кагышып, эки экиден урушуп жатып калаарыбыз турган иш. Күчтүү президенттин ички иштер министри жана коргоо министри күчтүү болот. Эгер мамлекеттин күч структурасы “толпанын” астында калып калса ал мамлекет алсыз дегенди билдирет. Мамлекеттин күч структурасы күчтүү болушу үчүн ал башынан бутуна чейин камсыздалышы керек. Анткени, ал бюджеттик кызматкер. Милициянын курсагы ток болсо ал эл-жерине кызмат кылат, жата турган үйү болсо анан элди ойлойт. Милициянын оюнда “Үй-бүлөм эртең кайсы тамакты жейт, эртең кайда жашайм?”-деген ой болбошу керек. Анын оюнда кылмыштуулуктун алдын алуу деген гана ой турушу керек. Жумуш учурунда кимдир бирөөдөн акча ала коеюн, бирин-бирине чабыштыра коёюн деген ой жашабашы керек. Милиция мамлекеттин карамагында, камсыздоосунда болушу зарыл. Ошол эле маалда милиция дегенди атайын аскердик даярдыктан өткөрүп туруш керек. Курсагы салаңдаган милициялардан да арылышыбыз зарыл. Ток этээрин айтканда мамлекет алгач милицияны заман шартына ылайык камсыздап коюп, андан кийин талап кыла билүүсү абзел. Албетте, адам болгондон кийин ар кандайбыз. Беш кол бирдей эмес. Милицияга адашып эле кирип алгандар да бар. Ошондуктан кайра даярдыктан өткөрүү зарыл, болбосо бир кумалак, бир карын майды чиритип жаткан учурлар жок эмес.

-Жакындарыңыздын арасында милиция кызматкери барбы?

-Бар

-Ошолор менен сүйлөшкөндө аларда калыптанып калган өзүнчө бир мүнөз бардай сезилеби?

-Ал адамдын өзүнөн деп ойлойм. Мисалы, бул тармакта иштеген менин бир иним бар. Бир күнү байкасам телефондон кыйкырынып ушундай бир өктөм тон менен сүйлөп жатат. Ой жүгүртүүсү, сүйлөөсү баары бир аскердик тартипте калыптанып калыптыр. Мүнөз калыптанат да баары бир. Болбосо мурда токтоо эле бала болчу. Мен аны орой деп кабыл албайм. Тескерисинче тарс-тарс жүргөн жигитчилик сапат катары баалайм. Эми ал урушуп жаткан жок, болгону оюн так берип жатат. Кыргыз эли көчмөн эл. Ал эми көчмөн элге сөзсүз буйрук берүүнү, буйрукту аткарууну үйрөтүш керек. Менде мүмкүнчүлүк болсо кыргыз баласына мектептен эле физикалык жактан даярдыкты аскердик тартипке салат элем. Болбосо азыр баары эле шалаакы, интернеттен баштары чыкпайт. Баланы бош койбой, аскердик, патриоттук сабактарды киргизиш керек. Жоокердик духту болушунча көбүрөөк берип тарбияласак. Эгер мен ушул тармакта иштесем мамлекетке ушундай саясат киргизээр элем. Шамдагайлыкка, эр жүрөктүүлүккө, гуманизмге үйрөтүүчү, тарбиялоочу сабактарды мектеп программасына киргизсек болмок. Мына ушул багытта иш алып баруу үчүн Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ишин да күчөтүш керек.

-Сизде деле жаштык болгон, милицияга түшкөн күнүңүз болгонбу?

-Болгон. Аны жашырбайм, бир эмес, эки-үч ирет түшкөм. Жаштык кезде баары болот. Эми тентектик кылганда бирөөнүн терезесин талкалап, уурулук же дагы башка бир жаман иш кылды дейсиңби? Бир аз кызуулук менен кыйкырып, өкүрүп ыр окуп кармалганбыз. Байкелеп шартыбызды түшүндүрүп, экинчи кайталабаганга сөз берсек эле коё беришкен. Демократия, эркин болушубуз керек деп жатып коомду бузуп алдык. Адам эч качан абсолюттук эркин болгон эмес жана болбойт дагы. Биз бири-бирибизден көз карандыбыз. Ошонун бир эле бутагы бул мыйзам жана анын коргоочусу милиция десем болот. Милициянын иши адамдардын укугун чектөө эмес. Тескерисинче адамдарга жаркын жашоо, бейпил турмуш түзүп берүү. Ошонун алкагына батпай, аңгек менен дөңгөккө башмалдырык аткандарды милиция тескеши керек. Жөнөкөй эле мисал, эмнеге сен тойдон аракка тоюп чыгып алып көчөдө тайраңдашың керек? Ар кимдин тынчтыгын бузуп, атургай ким бирөөнүн башына калаба үйүшүң керек? “Менин укугум!”-деп айкырып, башкалардын укугун тепсешиң керек? Мына ушул алкактан алганда адамды дайыма көзөмөлдөп турган тартип керек. Кандай баскычта көзөмөл керектиги мыйзамда жазылат. Ал эми ошол мыйзамда жазылганды милиция жогорудагыдай тайраңдагандарга карата колдонуу менен иш алып барат. Арийне, андан да мурда адамдын өзүндө абийир, уят деген ички тартип болушу керек. Ал үчүн идеология мектептен баштап берилиши зарыл.

Маектешкен Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ