Кыргыз тилинде чыккан гезит, «Азия Ньюс» экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн, 50 000 сом төлөп бериши керек. Бул чечимди бүгүн  Бишкек шаардык соту  чыгарды. Бул тууралуу  коомдук коргоочу Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, Жеңиш Разаков гезиттен 10 миллион сом талап кылган. Бирок, Октябрь райондук соту басылманын арыз берүүчүгө болгону 1 миллион берет  деп эсептеп, талапты жарым-жартылай канааттандырган.

 «Бирок шаардык сот бул сумманы 50 миңге чейин кыскартты. Ошол эле учурда биринчи инстанциянын чечими жарым-жартылай аткарылды», — деп түшүндүрдү Адиль Турдукулов.