“Манас” эл аралык аэропортунда “Pakistan International Airlines” авиакомпаниясынын Исламабад-Бишкек-Исламабад каттамы боюнча чартердик рейсти тосуп алышты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанга Пакистандан 100 КР жараны кайтып келди. Каттам Пакистандан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Пакистандын жарандарын алып чыгарып кетүү үчүн пакистан тарабы менен уюштурулган.

Учурда бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылды.

Дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун алкагындагы иштер улантылат.