Бишкек мэриясы кафелерди жана кичи автобустарды 2 миллион сомдон ашык айыпка жыкты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, акимчиликтердин мобилдүү топтору жана санитардык-экологиялык инспекция менен бирдикте ар бир ишкердик субъектин айланып өтүп, ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук транспортту текшерип жатышат.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери тарабынан санитардык ченемдерди бузган 791 адам аныкталып. Айып пулдардын жалпы суммасы 1 миллион 289,5 миң сомду түзгөн.
“Бүгүн кечинде санитардык-экологиялык инспекция 34 кафе
жана ресторандарды кыдырып, алты эреже бузууларды аныктады, алар боюнча 27 миң
сомго протокол түзүлгөн”, – деди мэриядан.
Кичи автобустардын айдоочуларына карата 98 протокол түзүлүп,
айып пул 98 миң сомду түздү.
“Жеке оператордук компаниялардын башчыларына дагы тогуз протокол
түзүлүп, айып пулдун өлчөмү 117 миң сомду түздү”, – деп билдиришти
муниципалитет