“Кайрадан карантин киргизилет экен” – дегендей маалыматтардын жайылышына карата өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов “бул эми мамлекеттин эпидемиологиялык абалына жараша болот” деп жооп берген.

“Кудай сактасын, андай абалга жетпей эле коелу. Эл да бизге кол кабыш кылышы керек. Күн сайын маалымат каражаттарынан: “Силердин жардамыңар санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо, үйдөн бейчеки чыкпоо”, – деп айттырып жатабыз. Өкмөт, мамлекет акыбалды кайрадан карантиндик режимге жеткирбөө аракетин көрөт, элден да көмөктөшүүсүн суранабыз” – деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Анын айтымында, Өкмөттүн антикризистик планы түзүлүп, анын негизинде иш алып барылууда.

«Өкмөттүн антикризистик планы түзүлгөн, анын негизинде иш алып барылууда. Анда бюджетти толтуруу, ордуна коюу маселеси гана эмес, токтоп калган, кыйналып калган тармактарга да жардам берип, жеңилдетилген насыяларды таап келүү маселеси да камтылган. Бул жаатта өкмөт абдан дыкаттык менен иш барып жатат. Бизнес чөйрөсүнө ылдам, жеңилдетилген насыяларды берүүнүн каражат булагын издөө колго алынды. Бул жакын арада ишке ашат. Коронавирус дүйнөлүк экономиканы төмөндөттү. Дүйнө беш-жети триллион долларга чейин чыгашага учурайт деген прогноз берилип жатат. Анын ичинде Кыргызстан 30-35 миллиард сомго жоготууга учураарын эксперттер айтып жатышат. Бул Кыргызстанга өтө чоң сумма. Былтыр 4,5 пайыз өсүш менен жылды жаптык эле. Быйыл 5 пайызга жетебиз деп турганбыз. Акыркы учурда көз карандысыз эксперттердин дагы бир прогнозун окуп калдым, эгер үчүнчү, төртүнчү кварталда экономиканын өсүшүн камсыз кыла баштасак – дагы да жылды анчалык көп жоготуусуз жапсак болот. Колдон келишинче өкмөт аракет кылат. Бул жерде эл аралык каржы институттардын жардамын көрүп жатабыз, алар болбосо кыйналып калмакпыз. Анткени, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда каржы запас коюлган эмес, ага мүмкүнчүлүгүбүз да жок. Ошондуктан эл аралык каржы уюмдардын жардамы менен оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эң негизгиси айлык маяна социалдык төлөмдөрдү токтотпой камсыз кылышыбыз керек. Өз убагында ишке ашырабыз деп ишенимдүү айтсак болот», – деп белгиледи Кубатбек Боронов. 

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу бардык социалдык төлөмдөр өз убагында берилерин баса көрсөткөн.

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №18 (453), 17-июнь 2020-ж.