Өкмөт башчынын иш бөлмөсүн Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп жаңы дайындалган Кубатбек Бороновго өткөрүп берди.

17-июнда Боронов Кубатбек Айылчиевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун басма сөз кызматы билдирген.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду.