Бишкекте мас абалда бычак кармап, аялды барымтага  алган адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 17-июнда милициянын нөөмөт бөлүмүнө саат 19:50 чамасында Бишкектеги Ден Сяопин көчөсүндөгү мекеменин ичинде бычак кармаган адам элди коркутуп жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке тергөө-ыкчам тобу жана патрулдук милиция барган.

«Милиция кызматкерлери мекеменин ичине кирген учурда мас абалдагы адам колуна бычак кармап, аны ары-бери серпип элди коркутуп жүргөн. Мындан тышкары бир аялды кармап алып жанына эч кимди жолотпой жаткан. Биринчи Май РИИБинин 5-бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев ал менен сүйлөшүү аракеттерин көрүп, бычакты таштап, өз ыктыяры менен колго түшүүнү түшүндүргөн. Бирок мас адам баш тарткан.

Эркин Жаанбаев бул адам кармап турган аялды куткаруу биринчи орунда экендигин эске алуу менен мас киши менен кармашып, кармашуунун техникаларын пайдаланып аны куралсыздандырган. Андан кийин ал кармалып Биринчи Май РИИБине жеткирилген», — деп жазылат маалыматта.

РИИБнен мас адамдын аты-жөнү аныкталган. Ал 1984-жылы туулган С.К. Ал эми аялга «Тез жардам» кызматы чакыртылып Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жөнөтүлүп, ал жактан медициналык жардам алган. Окуя РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.