Бишкек шаардык мэриясы карантин эрежелерин, санитардык талаптарды сактабагандарды көрүп калгандар болсо чалууну өтүнүп, телефон номерлерин жарыялады.Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

«Эгерде санитардык нормаларды, карантин эрежелерин сактабай жүргөндөрдү көрүп калсаңар, 1840, 1850 кыска номерине же 0554 182185 телефон номерине байланышкыла», — деп айтылат маалыматта.

Муниципалитет соода жай, базар, дүкөн, такси кызматтарынын жетекчилерине санитардык талаптар аткарылбай турган болсо, айыпка жыгыларын, ал тургай ишмердүүлүгү убактылуу токтотуларын да эскерткен.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны 800дөн ашты.