Акыркы суткада, өлкө аймагындагы ооруканаларда коронавирус оорусунан дарыланып жаткан 32 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде билдирди.

Анын ичинен: Бишкек шаары – 11;
Чүй облусу – 12;
Ош шаары – 3;
Ош облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 1.