Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2, Ош шаарында 4, Нарын облусунда 2 жана Жалал-Абад облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

«Ал эми стационарлардан сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 509 учур катталды, алардын ичинен 373 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 18-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2657 учур катталды. Алардын ичинен 509у медицина кызматкери. Илдеттен 1933 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 31 адам каза болду