Азыр өлкөдө болуп жаткан акыркы кырдаал  көпчүлүктүн көңүл чордонунда болууда. Айрым көксөп жүрүп жетпей калган адамдар ар кандай каралоо акциясын баштап жиберди. Жөнөкөй жаран катары, өлкөнүн аксакалы катары бул нерселерге карап тура албадым. Чындыкка ар убак тике караган жакшы. Эмнегедир кыргыздын канына, жаңы кызматка келген адамды каралап, жакшысын жашырып, жаманын чукуп турган адат сиңип калган сыяктуу.

Менин айтайын дегеним Кубатбек Боронов тууралуу болмокчу. Ооба, кечээ шайланды премьер-министр  болду, кудай кут кылсын. Ал босогону аттап кире электе, социалдык барактарда “дежурный” жазмакерлер, жалганды чын кылып курап баштады.

Кубатбек Айылчиевичке жеке мен эч ким эмесмин. Болгону анын калкка кылган кызматтын тизмектеп, канча жыл өкмөттүн адамы катары ар бир аймакты кыдырып, өзгөчө ӨКМ болуп турган жылдары, Республиканын булуң-бурчунда кайсы жерде эмне маселе бар экенин башкалардан эң жакшы билээрин айткым келди.Айрым билек түрүнүп, шайлоо астында келип, эшеги ылайдан өткөн соң кайып боло калгандардын катарына кирбейт Боронов.  Анын эмгек жолун карагыла 1991-жылы — «Фрунзекурулуштун» СМУ-9 трестинде кыш кыноочулуктан баштап, 1992-жылы — «Кыргызкурулуш» АКна караштуу «Стройлескомплект» ПБдө 1-категориядагы инженер, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы, 1998-2000 — «Кыргызкурулуш» АКна караштуу жыгач иштетүүчү заводдун директору, 2001-2002 — «Гоктүрк» ЖЧУ директорунун орун басары,  2003- 2006 — ЭӨКМне караштуу Жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, 2006-2008 — ӨКМнин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары, КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы, 2009- 2010 — ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, андан КР нын ӨКМ министр кызматтына дайындалды. Дал ушул баскычтарды басып өткөн адам гана башкаруучулук кызматка таттыктуу болот. Анткени, канчалык көп тармакта эмгектенип, эл менен аралашып, калктын абалын жеринен барып көрүп, бутуна өтүк кийип, сел кечкен күндөрү болгон.

Азыр биздин коррупцияга баткан өлкөгө дал ушундай тажрыйбалуу өкмөт башчы керек эле. Ошондуктан менин айтайын дегеним, Боронов бул кызмат орунга жазбай, жаңылбай  туура келди.

Дүйнөнү каптаган пандемия  учурунда, штаб  жетекчиси катары кандай иштегенин көргөздү. Уюштуруучулук, жоопкерчиликти сезген адам гана өлкөгө кызмат кыла алат.

Айбек Касенов