Жалал-Абад ШИИБи тарабынан жашы жете электердин эмгекке тартылуусунун алдын алууга багытталган «Эмгек жана өспүрүм» аталышындагы рейди өткөрүлдү. Рейд учурунда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылган 8 учуру аныкталды. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын ичинен 7 өспүрүм Сузак районунун тургундары экени такталып, топтолгон материалдар сунуш иретинде Сузак РИИБне жөнөтүлдү.
Рейд учурунда өспүрүмдөр көбүнчө курулуш материалдарын сатуу жана жасалгалоо тармактарында, унаа жуучуу жайларда эмгектенип жатышкандыгы белгилүү болуп, жумуш берүүчүлөргө эскертүүлөр берилди. Жайкы каникул учурунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштер алдыда дагы улантылмакчы.