НПОнун акча каражаттарынын ачык болушун шарттаган мыйзам долбооруна Никитенко, Бекешев ж.б. батышчыл, шектүү эл аралык уюмдардын акырынан жем жеген депутаттар каршы чыгышты.

Никитенконун акыркы мезгилдеги таскагы катуу чыгып жатканынын себеби буга чейин да айтылды эле.
Чолпон Жакупова жетектеген «Адилет» укуктук клиникасы «Сорос-Кыргызстан» эл аралык уюмунан 100 миңдеген доллар грант алып, пандемияда өзгөчө абал маалында адам укугун коргомуш этип, ызы-чууну ай-да салды эле.
Акыркы маалыматтарды эске алсак, бул клиника момундай кооптуу абалда киргизилген карантинде айрым адамдарга жөн эле штраф салынып, элди ээн-эркин аралап көнгөн журналисттер журтчулугунун укуктары бузулуп жатат деп баягы стандарттуу – АДАМ укугун бетке кармап чуулдап чыгып бир басылды окшойт.

Адам укукчул клиниканы башкарган Жакупова тигинтип чуулдатып жатса, баштагы НПОчу, азыркы мыйзамчы Наталья Никитенко деген айым Жогорку Кеңеште жетектеген комитеттин атынан өлкө аймагында өзгөчө абал маалында жарандардын арыз-муңдарын кабыл алуучу электрондук почта ачкандыгын айтып чыккан.

«Адилет» клиникасы грантын парламент менен иштетүүгө багытталып алган. Никитенко болсо парламентте отурат. Адатта долбоор жазып, грант алганда НПОчулар долбоорду ишке ашырууда жалгыздап эмес, кошоктошуп, анан ишке ашырат.
Бир акырдан жем жеген депутаттар менен НПОчулар, албетте, бул мыйзам долбооруна каршы болот. Ким эле мен мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу максатында чет жактан грант алып атам деп отчет бергиси келсин? Ал эми андай эмес дешсе, анда алган каражаттарын ачык көрсөтүшсүн.

Эмнеге, кандай максатта, кимден алынып атат? Алар акчаларын жаап-жашырып, ошол эле маалда мамлекеттен ачыктыкты талап кылганы бери дегенде эле амалкөйлүк жана адилетсиздик!