Бүгүн, 18-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук иш уланат. Анда тараптарга жарыш сөз берилээри айтылган.

Жактоочу билдиргендей, өткөн процессте мамлекеттик айыптоочулар соттон Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны дагы 15 жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алууну сунушташкан. Индира Жолдубаева мамлекеттик айыптоочулардын сунушу аны таң калтырып жатканын билдирди.



« Бекенов, Шамил Атахановдун кеңешчиси жана Нарын облусунун райондор аралык сотунун мурунку судьясы Жапар Эрматов. Экөө тең мага каршы күбө болушту. Бекеновдун айтымында, мен ага кандайдыр бир жол менен жардам берүүдөн баш тарттым, бирок ал мага жардам сурап кайрылган эмес. Эрматов тийиштүү органдар берген материалдардын негизинде чечим чыгарганын айтты. Ал чечим мыйзамдуу деп ишендирди. Мындай шартта мамлекеттик айыптоо мен үчүн 15 жылга эркинен ажыратууну талап кылат. Бул боюнча кандайча комментарий берүүнү да билбейм », — деди Индира Жолдубаева
Мамлекеттик айыптоочулар соттон  төмөнкү мөөнөттү сураган:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу;

Президенттин аппаратынын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, кийин Башкы прокурор болгон Индира Жолдубаеваны 15 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу;

ЖАМКтын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жыл эркинен ажыратуу жана полковник наамынан ажыратуу;

Академик, врач Абдулхалим Раимжанов — 13 жыл эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо. Эске салсак, 2019-жылы апрелде Азиз Батукаевдин иши кайра жанданды. Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камалган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыгарылган. Жалпысынан Батукаевдин абактан бошотулушуна 19 киши айыпталууда.