Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн аймагында курулуп жаткан объектилердин жалпы саны 2 миң 935ти түзөт. Алардын ичинен 249 объекти мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Медетбек Маметов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

«Жалпы 2 миң 935 курулуш объекттин ичинен 71и мыйзамсыз ишке киргизилген. Ал эми 393 курулуш объектисин куруу иштери токтотулду. 84 объекти убактылуу токтотулду. Мындан тышкары мамэкотехинспекция жай мезгилинде өрт коопсуздугу бар делген объектилерди иликтеп, өрттүн алдын алуу иштерин да баштады», — дейт Маметов.