Миллиондогон пекиндиктер кайрадан карантиндик чектөө шарттарында күн кечиришүүдө. Шаршемби күнү шаардын 31 тургуну Covid-19 вирусун жуктуруп алган. Ал эми акыркы жети күн ичинде оору жуктуруп алгандардын саны 137 адамды түзгөн.

Буга чейин Кытай борборунда оору жуктуруп алуу боюнча бир дагы учур  катталган эмес.

Оорунун борбор калаадан чыгышы «Синьфади» ири базары менен байланыштуу каралууда.  Бирок, Ооруларды алдын алуу жана контролдоо боюнча борбордун өкүлү Ян Пэндин айтуусу боюнча базарга кирип-чыгып жаткандардын саны өтө эле көп болгондуктан вирус базарга кандайча келгендигин азырынча так айтуу кыйын.