Өкмөт Жогорку Кеңешке шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыздоого тийиш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы кеңешмеде айтты. 

Өкмөт башчы баса белгилегендей, тармактык түзүмдөр жогоруда аталган саясий процесстерге жакшы даярдык көрүүгө тийиш. 

«Бүгүнкү күнү парламенттик шайлоону өткөрүүгө байланыштуу маселелер коомчулукту тынчсыздандырууда.  Өкмөт Жогорку Кеңешке шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыздоого тийиш. Бардык маселелерди өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуу мезгилинде жарандардын коопсуздугун эске алуу менен так иштеп чыгуу маанилүү», — деди Министрлер кабинетинин башчысы. 

Премьер-министр өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга токтолду. 

«Эпидемиологиялык кырдаал да күч алып турат. Жаңы катталган, кайдан жуктурганын билбеген учурлардын саны көбөйдү. Бишкек жана ош шаарларындагы, Чүй облусундагы эпидемиологиялык абалга өзгөчө көңүл буруу керек», — деди Кубатбек Боронов.