Бүгүн шаардык кеңештин кезексиз сессиясында төрагалык кызматка депутат Адилбек Жоробаев шайланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Анда 2018-жылдын 11- июнунда түзүлгөн партиялардын “Үлгүлүү шаар үчүн” көпчүлүк коалициясы тарап, “Жаңы кадам” коалициясы түзүлдү. Анын курамында Ата-Журт, КСДП, Кыргызстан жана Республика фракциялары бар.
Ага ылайык сессияга катышкан 18 жергиликтүү эл өкүлү жашыруун добуш берүү аркылуу жаңы төраганы шайлады.

Буга чейин аталган кызматты эки жыл бою депутат Айбек Джолдошев аркалап келген.
Күн тартибинде жалпы төрт маселе ортого коюлуп, депутаттардын талкуусуна алынды.

Мында эскилиги жеткен муниципалдык объектилерди бузуп жаңылоо, калаадагы аты коюла элек көчөлөргө ысым ыйгаруу, буга чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун балансындагы имаратты муниципалдык менчикке өткөрүү менен бала бакча катары колдонууга уруксат берүү боюнча маселелер көтөрүлүп, шаардык кеңештин депутаттары тарабынан колдоо тапты.