Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунун анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, байланышта болгон адамдар такталып, алар анализ тапшырып, жыйынтыктарын күтүп жатышат.

«Ушул дем алыш күнү дене табым көтөрүлгөнүнө байланыштуу үйдө иштеп жатканмын. Эртең менен жумушка чыгар алдында алдын ала текшерүүдөн өтсөм, доктурларым менин анализимен COVID-19 аныкталганын кабарлашты. Буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштемей болдум», — деп жазган.

Ибраим Нуракун уулунун маалыматына ылайык, өткөн жумада төрага Дастан Жумабеков менен жолуккан эмес, бирок «Парламентаризм сабактары» (Уроки парламентаризма) программасынын алкагында эки депутат — Акылбек Жапаров менен Каныбек Иманалиевден  интервью алган.