Премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өткөн кеңешмеде өкмөттүн ишиндеги 11 артыкчылыкты белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө коронавирус пандемиясы жана эпидемиологиялык абал дүйнө экономикасына, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына да олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизгенин белгиледи. Буга байланыштуу өзүнүн экономикалык программасын жана планын кайра карап чыгууда.

Ал өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктарды белгиледи.

Алар:

— Экономиканы калыбына келтирип, жылдын аягына чейин ИДПнын түшүүсүн болжолдонгон 5,3%дан ылдый түшүп кетпешин камсыз кылуу;

— бюджеттин кыскартылган пландарын толугу менен аткаруу жана кошумча каражаттарды табуу;

— бюджеттин тартыштыгын болжолдонгон 4,7 пайыздан ашып кетпөөсүн камсыз кылуу;

— жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 2020-жылга белгиленген иш-аракеттер планын кайра карап чыгуу жана аны ишке ашыруу;

— пандемиядан жабыр тарткан ишкердик субъекттерге 14 млрд сомдон кем эмес мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү;

— ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо, пандемиядан жабыр тарткан жеке ишкерлерге, чакан жана орто ишкердик субъекттерге, ири бизнеске өкмөттүн антикризистик планынын алкагында 14 млрд сомдон кем эмес мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү;

— экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралардын үчүнчү пакетин иштеп чыгып бекитүү (экспорттук потенциалды күчөтүү, ата мекендик ишкерлерди колдоо, импортту алмаштыруу саясатын активдүү жүргүзүү, экологиялык таза продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана жаңы рынокторду өздөштүрүү, бизнес жүргүзүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик мүлктү башкарууну өркүндөтүү;

— экономиканы фискалдаштыруу системасын өркүндөтүү:

электрондук эсеп-фактураларын колдонуу,

бардык май куюучу станцияларга эсепке алуунун автоматташтырылган системасын милдеттүү түрдө колдонуу,

тамеки жана алкогол продукцияларына санариптик маркировканы милдеттүү түрдө киргизүү,

бажы системасында башталган конкреттүү иштерди улантуу:

көмүскө экономика менен күрөшүү (анын алкагында ишкерлерге карата жалпы салыктык жүк басаңдайт)

салыктык башкаруу иштерин жакшыртуу

— бирдиктүү салыкты колдонуу тажрыйбасын киргизүү үчүн салык режимдеринин түрлөрүн кыскартуу жана салык жүгүн төмөндөтүү;

— чет элдик өнөктөштөр менен тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүү;

— аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды улантуу;

— санариптештирүү багытындагы иштерди күчөтүү:

«Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабын аягына чыгаруу;

электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү кеңейтүү;

өлкөнүн бардык аймактарын интернет менен камсыздоо;

маалыматтар базаларын иштеп чыгып, «Түндүк» системасына кошуу;

бюджетти толтуруу үчүн тийиштүү мыйзам долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышын камсыз кылуу.

Премьер-министр Кубатбек Боронов жетекчилерге кайрылып, учурдагы оор шарттарда иштин натыйжалуулугун камсыз кылуу чоң жоопкерчиликти, тартипти жана берилгендикти талап кылат деп баса белгиледи.