2020-жылдын 15-июнь күнү Лейлек РИИБне Исфана шаарында белгисиз кишинин өлгөнү боюнча кабар келип түшөт. Аталган жерге Лейлек РИИБнин жетекчилиги ыкчам тергөө тобу менен барып, жүрөк үшүн алган окуяга күбө болгон. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматта айлылгандай, 2020-жылдын 15-июнь күнү болжол менен саат 16.50 чамасында Исфана шаарынын 41жаштагы тургуну Ж.Б. тааныштары 49жаштагы Б.А. жана 41жаштагы М.Б. болуп үчөө спирт ичимдиктерин ичип олтурушуп, пикир келишпестиктен өз ара айтыша кетишип, 41жаштагы Ж.Б. колундагы бычагы менен 49 жаштагы Б.Аны денесин, мойнун союп, өлтүрүп салып окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.


Жогорудагы аталган факты Лейлек РИИБнин КЖБРне Жазык Кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми алынган заттарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Кылмыштын изи сууй электе Лейлек РИИБнин ЭММКАКтын ыкчам кызматкерлери тарабынан 41жаштагы Ж.Б. качып жүргөн жеринен кармалып , убактылуу кармоо жайына киргизилген.