Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында унаа өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык айылдын Кара-Талаа тилкесинде болгон. Анын кесепетинен жүк ташуучу «Фотон» үлгүсүндөгү унаанын кабинасы күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби такталууда.