Кечээ, 18-июнда каза болгон 55 жаштагы эркек бейтап Кыргыз-Түрк достук ооруканасына 7-июнда келип түшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Бейтап эки тараптуу пневмания жана дем алуу жетишсиздиги, ошондой эле бейтапта мурда коштоп жүргөн жүрөк оорусу болгон.

«Буга чейин ал 25-майда бээнин сүтүн ичүүгө тоого барган. 30-майда анын тене дабы көтөрүлүп, шаарга келип медициналык мекемеге кайрылган. Бардык дарылоо жана реанимациялык шарттар колдонулганына карабастан, бейтап кечээ күнү каза болуп калган»,- Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.