Белгилүү төкмө акын Ысак Барпиев каза болду. Бул маалыматты Аксы районунун акими Ыманберди Досбаев тастыктады.

Маалыматка ылайык, Ысак Барпиев ооруп жүргөн, кечээ, 18-июнда 87 жаш курагында көз жумду. Төкөм акын убагында Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Ашыралы Айталиевдер менен айтышып жүргөн.

Байдылда Сарногоевдин эң жакшы көргөн жакын досу кеби келе калганда Байдылданын ырын улап, төгүп калган учуру көп эле болгон. 1995- жылы Таласта өткөн «Манас-1000» эпосунун жана Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык расмий салтанаттуу тоюнда, тойду ачып берүү бактысы Ысак Барпиевге ыйгарылганын айтсак эле жетиштүү.