Ата мекендик унаа куруу тармагында жакшы жаңылык — ушул жылдын август айында «Кыргыз унаа курулуш» заводу өлкөдө алгачкы жолу электроавтобустарды чыгарып баштайт. Алгачкы электроавтобустар Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдалат.

Аталган заводдун негиздөөчүсү — жеке ишкер Нурбек Осмонов.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери ата мекендик унаа куруу тармагы жолго коюлган эмес. Эми өлкөдө алгачкы жолу кыргызстандык адистер тарабынан унаа куруу тармагы жанданууда.

Жеке ишкер Нурбек Осмонов атайын Европанын унаа куруучу заводдорун кыдырып, алардын ишмердүүлүгүн изилдеп чыккан соң Ош шаарында унаа куруучу завод курган. Бүгүнкү күндө коомдук унаалардын алгачкылары даяр болуу алдында турат. Бул окуя Кыргызстандын тарыхында чоң жетишкендик катары жазылып калары белгилүү.

«Кыргыз унаа курулуш» заводунун жетекчиси Өмүрбек Жолдошов ата мекендик унааларды куруу идеясы Нурбек Осмоновго таандык экенин айтты. Ал заводду куруу үчүн 4 жыл Европада изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн белгиледи.

«Кыргыз унаа курулуш» — көп тармактуу завод болуп саналат. 2014-жылы Европада, Японияда көптөгөн заводдорду кыдырып, ошондой заводдорду Кыргызстанга ачсак деген пландар болгон. Негизги максатыбыз — Кыргызстанда жумуш орундарын түзүү. Ошону менен катар эле Кыргызстанда заманбап заводдор жок болгонуна ичибиз ачышып, өлкөдө соңку технологиялар менен жабдылган завод ачсак деп 2014-жылдан бери пландап келгенбиз. 2018-жылы ушул заводду куруп баштаганбыз. Бул завод 2 жылда курулуп бүттү. Быйыл май айынан баштап иштеп баштады. Азыркы күндө заводдон гидротрубиналар, генераторлор, насостор жана айыл чарба тармагына тиешелүү тетиктер, жеңил жана оор өнөр жайга тиешелүү шаймандар чыгарылат. Ал эми эң негизги максатыбыз — ушул заводдон электроунааларды, электроавтобустарды чогултуп, чыгаруу. Азыркы күндө электроавтобус чогултулуп жатат. Өзүбүздүн конструктордук бюробузда инженерлер бардык жагын тууралап, долбоорлорун өзүбүз жасаганбыз. Кудай буюрса ушул жылдын август айында биринчи электроавтобус даяр болот. Биринчи электроавтобусту 31-август — өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө элге кубаныч тартуулоо максатында чыгарганы турабыз. Буюрса электроунаа куруу иштери да жүрүп жатат», — деди Өмүрбек Жолдошов.

«Кыргыз унаа курулуш» заводу электроунааларды 2022-жылы чыгарууну көздөп жатат. Дал ошол жылдан тартып электроунаалар Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө, коңшу мамлекеттерге экспорттоло баштайт.

«Азыркы учурда Япониянын унаа чыгарган заводдору менен биргеликте иштешип жатабыз. План боюнча электроунааларды 2022-жылдын аягында чыгарып калабыз. Ошондо жылына 30 миң электроунаа чыгарабыз. Бул унаалар ички рынокто гана эмес, коңшу өлкөлөргө сатылат», — деди Ө.Жолдошов.

Электроунаалар азыркы замандын талабы болуп турат. Анткени азыр экологиялык глобалдуу маселелер жаралып жаткандыктан кээ бир өлкөлөр 2030-жылга чейин, 2045-жылга чейин электроунаага өтүү боюнча пландарын иштеп чыгууда. Анткени электроунаалар биринчиден, экологиялык жактан таза. Экинчиден, капчыкка да көп кедергисин тийгизбейт. Азыр өзүңөргө маалым болгондой, дүйнө жүзү электроунаага өтүп жатат. Ошону менен катар эле биз дагы дүйнөлүк деңгээлде сапаттуу электроунаа чыгарып, ошол агым менен бир нукта кетебиз деген оюбуз бар. Ал эми унааларыбыздын сапаты Япониянын унааларынын сапатындай болот. Жылына 1000 даана электроавтобус чыгара турган болсок, электроунааларды жылына 30 миңден чыгарганга аракет кылабыз», — деди Ө.Жолдошов

Булак: Турмуш