Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрмө бекети туристтик сезонго даярдыгын көрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда «Каркыра» бекети жабык бойдон турат. «Учурда баары этап-этабы менен ачылып жатат. Ал бекетте эми санитардык-карантиндик пост болушу керектелет. Ошондой эле медкызматкер иштеп-жашай турганга шарт түзүлүшү керек. Биз даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз. ӨКМ тарабынан ал жерге 2 үй көчүрүлүүдө. «Каркыра» бекети эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн макулдашуусунун кийин ачылат. Ал эми биздин милдет баарын даярдап коюу», — дейт ал