22-июнь күнү Ош шаарынын борбордук базары, “Келечек” базары бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындан тышкары кичи базарлары да дезинфекцияланат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Шаардагы базарларда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, рейддер өтүүдө.
Базарларда беткапсыз жүргөн адамдардын саны көбөйүп, кайдыгерлик орун алууда. Ош шаарынын мэриясы жарандарды санитардык-гигиеналык талаптарды сактоого чакырат!