Кечээ, 18-июнда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрилиги тарабынан Covid-19 пандемиясына карата киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери киргизилген учурда, элге кайрымдуулук жардамын сунган фонддорго, ишкерлерге, ишканаларга ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын министр Улукбек Кочкоров тапшырды.

Министр демөөрчүлөрүнө терең ыраазычылык билдирүү менен мындай оор кырдаалда элге канатташ болуп, жардамын аябаган демөөрчүлөргө терең ыраазычылыгын билдирди.

Сыйлык 100дөн ашуун коомдук фонддорго, уюмдарга, ишкана ээлерине тапшырылды. Арасында кыргыз эстрада ырчылары Алтынай Нарбаева, Айгерим Расул кызы, Кенже Дүйшеева жана башка шоу бизнестин өкүлдөрү дагы бар.