Облус аймагындагы жашы жетет элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери 15-18-июнь күндөрү мобилдик топторго бөлүнүшүп, облус аймагындагы кафелерди, базарларды, соода-сатык дүкөндөрүн, чайханаларды жана бассейиндерди кыдырышып 55жаш өспүрүмдүн өз алдынча иштеп жүргөндүгүн аныкташып, алардын 38не протокол түзүлдү. Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Социалдык кызматкерлер менен чогуу аныкталган жаш өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине тиешелүү иш кагаздар түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул рейддин жүрүшүндө Кадамжай районунан уурулук фактысынын бети ачылды.

Ошондой эле аз камсыз болуп, каттоодо турган үй-бүлөлөрдөн кабар алып, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Бул “Өспүрүм-эмгек” рейдинин максаты жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана алардын жайкы каникул убагын туура пайдаланууга жол көрсөтүү болуп эсептелет.