Премьер-министр К.Боронов коомчулуктан кечирим сурады

Кубатбек Боронов  президентин сындагандыгын моюнга алып, Өкмөт үйүнүн алдында түшкөн сүрөтүнө комментарий берди.


Анын айтымында, аппараттын кызматкерлери андан жана Мухаммедкалый Абылгазиевден эстелик  үчүн сүрөткө түшүүнү суранышкан. Министрлер кабинетинин башчысы баарынын беткапчан болгон, алар сүрөткө тартып жатканда гана чечип койгонун айтты.

«Азыр мен буга маани бербегениме өкүнөм. Мына ушул учур акыркы алты ай ичиндеги бардык иштерибизге көлөкө түшүрдү. Албетте, биз коомчулук тарабынан катуу сынга кабылганбыз. Бул туура.»,- деди ал.