ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси И.Нуракун уулу даарыгерлерге ыраазычылык айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.

«Урматтуу досторум, кечээтен бери жакшы каалоо-тилектериңиздерди аябапсыздар, ыраазылык билдирем. Учурда Токмок шаарындагы ооруканада дарыланып жатам. Түндө «Маша и медведь» мультфильминдегидей тез жардам унаасы менен ушул жакка алып келишкен. Унаа, имараттар эски болгону менен биздин врачтар түз маанисинде эле алтын экен. Демим кысылып баштады эле дароо капельница коюп, абалымды жакшыртышты. Эки мед айым, эки врач тынымсыз кароого алууда. Абдан сылык, бетин көрө албайм, бирок үндөрүндө оптимизмдин духу сезилип турат. Доктурларыбыздын талыкпас эмгегин карап туруп эле айыгып кетчүдөйбүз, буйруса.

Ал эми мени ушул тапта бакытка бөлөп турган дагы бир жаңылык, жумушумда жакын иштеген кесиптештеримдин бардыгынын ПЦР-тести таза чыкты. Өткөп аптада «Парламентаризм сабактары» талкуусуна катышкан эки депутат Каныбек Иманалиев менен Акылбек Жапаровдун дагы анализдери таза чыкты. Жаңы эле кесиптештерим ушул жаңылыкты айтышып, чексиз кубаныча бөлөштү. Дене табым бир аз эле көтөрүлөөрү менен үйдөн чыкпай иштегеним эң туура кадам болгон экен. Эми сүйүктүү жубайым, эки кичинекей баламдын анализи да жакшы болсо экен деп, Кудайдан тилеп олтурам. Оорубаңыздар, достор!»-деп жазды ал.