Депутат Жанар Акаев Бороновго эмне үчүн каршы добуш бергенин ачыка чыгарды. Анын айтымында, учурдагы өкмөттүн кадр саясатына ичи чыкпай, коронавирус менен күрөшкөн милиция жана дарыгерлердин эмгеги бааланбай жатканын айтты.

—Өкмөт башчы болгон Кубатбек Боронов менен жеке мамилем жакшы, бирок мен системага, жалпы коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөргө, кадрдык саясатка, жоопкерсиздикке каршы добуш бердим. Илдет менен күрөшкөн дарыгерлерге, милицияга кошумча акы төлөй албай жаткан өкмөттү колдобойм. Эң биринчилерден болуп карантин башталганда эле жок дегенде 500 миң үй-бүлөгө беш миң сомдон таратуу демилгемди ушул эле өкмөт колдогон эмес. Мына, Казакстан ошону ишке ашырды, эми болсо Тажикстандын өкмөтү жөлөк пул алган үй-бүлөлөргө 50$ кошуп берип баштады, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен. Бизде болсо сырттан келген акчалардын дайнын сурап чарчадык, аны айлыкка киргизип жиберишти. Ошон үчүн каршы добуш бердим.

Ал эми интернетти чектөөнү көздөгөн мыйзамга да сөзсүз каршы чыгабыз, өкмөттүк эмес уюмдарды чектөөгө багытталган мыйзамдарга да дайыма каршы добуш берип келатам. Бул боюнча менин позициям так. Мени кубандырганы, коомчулук ар бир добушту көзөмөлдөп турганы.