Дыйкандар учурда оруп, жыйноо иштерин акырындык менен баштады. Алсак, сарымсактын бир килограмм баасы 8 сом болсо, кошуна мамлекеттен келген сарымсактын наркы 5 сом. Мындай пикирди дыйкан Сузак районунун тургуну, дыйкан Бакай Алиев “Кadam-media.kg” маалымдады.

— Кошуналардан аткезчилик жол менен тонналаган жашылча-жемиштер базарга келип, жергиликтүү дыйкандардын өстүргөн айыл-чарба азыгын сүрүп жатат. Мен Сузакка 3 гектар жерге пияз эктим. Бир киллограммын базарга алып чыгып 8 сомдон сатып жатам. Ушул эле пияз кошуна Тажикистан жана Өзбекстандан 5-6 сомдон сатышууда. Биздин жасаган мээнетибиз талаага кетип жатат. Мен эккен эгинимдин чыгашасын жапмак тургай чыгымга учурап жатам. Биздин дыйкандарды ойлогон өкмөт барбы?