АКШда 2020-жылдын үчүнчү кварталында өлкө ИДПсы адам баласынын тарыхында болуп көрбөгөндөй өсүшкө ээ болот. Бул тууралуу The Washington Times гезитине Дональд Трамп өзү билдирген.

Трамптын оюу боюнча америкалык экономика өтө тездик менен калыбына келет жана жумушчу орундардын саны көбөйөт. Кызыгы, АКШ президенти бул эмненин эсебинен болорун жана анын мындай ишенимдүү билдирүүсүнө эмне себеп болуп жаткандыгын айткан эмес.

Белгилей кетсек, АКШ ИДПсы биринчи кварталда 5% төмөндөгөн. Өлкө экономикасында мындай соолгундоо 2008-жылдан бери каттала элек болчу.